​ЧЕСНОКТУН ПАЙДАСЫ!!! Сасык тумоо, жөтөлгө миңдин бири...(Пайдалуу кеңештер)

06.07.2020
покупателя Мелисбек

ЧЕСНОКТУН ПАЙДАСЫ!!! Сасык тумоо, жөтөлгө миңдин бири...(Пайдалуу кеңештер)

Медицинада тастыкталгандай, микробдорго каршы мыкты каражат. Кан басымды жөнгө салып, жүрөк-кан тамыр ооруларынан сактайт. Канды тазалап, иммунитетти жогорулатат. Сасык тумоо, жөтөлгө миңдин бири. Элдик медицинада безеткиден арылтып, аллергия, муун ооруларын, рактын алдын алууга, уйкусуздукка жана сөөлгө каршы көмөк көрсөтөрү айтылат

ЗЫЯНЫ
Ашказан жарасы барларга жана 4 жашка чейинки балдарга сунушталбайт. Анткени алардын ашказанынын былжырлуу чел кабыгы алсыз болгондуктан, сарымсактын кычкыл ширесине эзилип кетүү коркунучу бар.

ӨЗӨГҮ
Жетиле элек кезинде сарымсак өзөк коё берет. Өзөктүн пайдалуулугу сарымсактыкынан аз эмес. Аны салаттарга, тамактарга кошуп колдонуу сунушталат.

ЖЫТЫ
Сарымсакка тиешелүү жытты андагы эфир майы жана аллицин заты камсыздап турат. Аллицин табигый антибиотик (микробдорго каршы каражат) болуп эсептелгендиктен, бул өсүмдүктүн жыты да пайдалуу.

ШИРЕСИ
Бирдей өлчөмдөгү сарымсак менен лимондун ширесин аралаштырып 1 күн тыныктырыңыз. Андан кийин күнүнө 1 чай кашык бул аралашманы 1 стакан сууга кошуп ичип жүрүү керек. Бул ден соолугуңузду бекемдеп, жаштыгыңызды узартат.

ӨСТҮРҮҮ
Сарымсак кумдуу, чополуу, нымдуу топуракта жакшы өсөт.
4-5 жылда бир тишчесинен эмес, уругунан көбөйтүү керек. Бул өсүмдүктүн сапатын жогорулатат.
Казып алууга 2-3 апта калганда сугарууну токтотуу зарыл.

ТАМАККА КОШУУДА
Сарымсак жогорку температурада баалуулугун жоготуп коёт. Тамакка кошкондо чала бышкан же чийки бойдон калганы оң.
Туурагандан кийин 15 мүнөт коё туруп анан жесеңиз, анын антибиотик катары таасири жогорулайт.

ООЗУҢУЗ САРЫМСАК ЖЫТТАНЫП ЖАТСА
Жалбыз же лимон кошулган чай ичиңиз.
Петрушка, кинзаны чайнап коюу керек.
Жалбыз кошулган сагызды пайдаланууга болот.
Горчица жеп коюу сунушталат.

Комментарии

Сообщения не найдены

Новое сообщение